super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев окуучулардын ата-энелерин балдарын окутууда көмөк көрсөтүүгө чакырды (фото)

 

Бүгүн, 1-сентябрда Билим күнүнө карата КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Он бир-Жылга айыл аймагынын Маданият айылындагы Байдалы атындагы орто мектебинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчы аталган айылдын тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен, ал эми мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө президент жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоодо мамлекеттик саясатты кескин түрдө өзгөртүү керек экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, өлкөнүн өнүгүү жолунда билим берүү системи өтө маанилүү. “Кыргызстандыктар жогорку билим берүү системинде жүргүзүлүп жаткан реформалардын пайдасын көрүш керек. Билим берүүнүн негизги багыттары бул окуу жайларда коррупцияны жоюу жана окутуунун деңгээлин жогорулатуу”,- деди Атамбаев.

Мындан тышкары ал билим берүү тармагына бөлүнүп жаткан акча каражат бюджеттин жетишпегендигине карабастан, эффективдүү пайдаланылышы керек экендигин да билдирди. Андан соң президент окуучулардын ата-энелерин балдарын окутууда көмөк көрсөтүүгө чакырды. Айта кетсек, мектептин курулушу 2011-жылы А.Атамбаевдин ал премьер-министр болгон учурундагы тапшырмасы менен башталган. Ал кезде мектеп авариялык абалда болчу. Анын ордуна жаңы окуу жай курулуп, керектүү эмерек, техникалык жабдуулар менен камсыздалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: