super.kg logo
  Саясат  

Жириновский: "Орусия Казакстанды басып алышы керек"

 
Орусиялык депутат Владимир Жириновский Орусия Казакстанды басып алышы керек деп эсептейт. Муну депутат орусиялык ММКлардын бириндеги маегинде билдирген. Мындай пикирин Жириновский Казакстанда Орусияга каршы маанай калыптанып жатканы менен байланыштырды. "Казакстандагы жаңы окуу китептеринде жалаң Орусияга каршы маанай. Казакстан менен Орусия согушпаганына, тескерисинче, жардамга келгенине карабай... Болбосо казактарды жунгарлар талкалап салмак. Орус армиясы жунгарларды Кытайга кууп салган, мына азыр ошол жерде отурушат. Казак улустары орус падышасынын бутуна жыгылып, жардам сураган. Падыша армия жиберип, Түндүк Казакстанды бошоткон",- дейт Жириновский. 
Депутат Казакстанда орусча аталыштагы шаарлар көп экенин кошумчалап, Семиречье, Усть-Каменогорск, Артемьевск, Семипалатинскти мисал келтирет. Орусиялык маалымат булактары президент Владимир Путиндин "Нурсултан Назарбаев мурда эч кандай мамлекет болбогон аймакка мамлекет курду" деп айтканын да жарыялашты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: