super.kg logo

Жылнаама, 2-сентябрь: Мындан 50 жыл мурун америкалык актёр Киану Ривз туулган

 
* Мындан 16 жыл мурун, 1998-жылы Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн кезектеги аракети башталган. Президент Аскар Акаев бул күнү Кыргызстан калкына кайрылып, Баш мыйзам беш пункт боюнча оңдоп-түзөтүүгө муктаж экендигин билдирген. Мамлекет башчысы сунуш кылган түзөтүүлөр кош палаталуу парламентти курууга жана депутаттык кол тийбестикти өзгөртүүгө багытталган.
 
* Мындан 45 жыл мурун, 1969-жылы Вьетнам коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү, өлкөнүн биринчи президенти Хо Ши Мин 79 жашында Вьетнамдын борбору Ханойдо каза болгон. Анын сөөгү бальзамдалып, Ханойдогу Бадинь аянтындагы мавзолейге коюлган.
 
* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы америкалык актёр Киану Ривз Ливандын Бейрут шаарында туулган. Анын чыгармачылыгы 9 жашында башталган. Алгачкы ийгилиги "Ромео жана Жульетта" спектаклинде Меркуционун ролу болгон. Кийин ал түрдүү жарнамалык түрмөктөргө жана кыска метраждуу тасмаларга тартылып баштаган. Анын чыгармачылыгына өгөй атасы, режиссёр Пол Аарондун кошкон салымы чоң болгон. Ал жаш Киануну кинопродюсер Эрвин Стофф менен тааныштырган. Анын жардамы менен 1999-жылы "Матрица", 2001-жылы "Таттуу ноябрь" тасмаларына тартылып, атактуулуктун даамын тата баштаган. Андан соң "Азезилдин жактоочусу" ("Адвокат дьявола"), "Ылдамдык" ("Скорость") ж.б. фильмдеринде роль жараткан.
2-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: