super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар мектеп окуучуларына хиджаб кийгизбөөнү сунушташууда

 

Бүгүн, 2-сентябрда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында окуучулардын мектеп формасы талкууга алынды. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев мектеп формасы айрым ата-энелердин капчыгына туура келбей жатканына токтолду.

Мен Ош, Ысык-Көл облустарында болдум. Мектеп формасы боюнча ар кандай сөздөр айтылды. Аны мен өзүм тигип, өзүм сунуш кылгандай болуп жатам. Чолпон-Ата шаарында 5 баласы бар аял мага кайрылды. Балдарынын баарына форма алып берсе, 20-30 миң сом болуп кетет экен. Анда 20 миң акча жок экен. Эльвира Кубанычбековна, мүмкүн, ЖК бюджетти карап жатканда акча маселесин чечиши керектир? Муну чечпесек, эл убара болуп жатат. Анан да хиджаб маселеси чыгып жатат”,- деди.

Депутат Бөдөш Мамырова да бул маселеге токтолду: “Чынында эле хиджаб аябай катуу сөз болуп жатат. Мектептерге барсам, 1-2-класстын окуучулары хиджаб кийип отурушат. Же андан колу чыкпай жүдөшөт. Бирок биз балдарыбызды медреседе окутуп жаткан жокпуз да. Буга катуу эле чара көрүүнү сунуштайм”.

Жогоруда көтөрүлгөн маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева жооп бербей, комитет төрагасына жыйыны бар экенин айтып, чыгып кетти.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: