super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз алтындын" мурунку башчысы Дилгер Жапаров боюнча сот ишине чакырылган Темир Сариев менен Жантөрө Сатыбалдиев келген жок

 
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 2-сентябрда "Кыргыз алтын" ишканасынын мурунку жетекчиси Дилгер Жапаров боюнча сот иши уланууда. Сот процессине күбө катары чакырылган экономика министри Темир Сариев менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев келген жок. Алардын залда жоктугун мамлекеттик айыптоочу минтип түшүндүрдү: "Жантөрө Сатыбалдиев стационардык дарыланууда, ал эми Темир Сариев иш сапарында жүрөт. Ошондуктан биз сот залынан кошумча күбөнү суракка алууну өтүндүк". Өз учурунда буга айыпталуучунун жактоочусу Владислав Лужанский каршы чыгып, "негизги күбөлөрдү сурабай туруп кошумча күбөнү суроого болбойт" деди. 
Жактоочу менен мамлекеттик айыптоочунун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жактоочу "Мамлекеттик айыптоочу күбөлөргө, айыпталуучуга дайыма кыргыз тилинде кайрылат. Муну менен алар менин ар-намысымды басынтып жатат" деп кызууланды. Түшүнбөстүк сот ишине төрагалык кылуучу судьянын кийлигишүүсү менен токтоду. 
Эске сала кетсек, Дилгер Жапаров “Кумтөр” ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен” деп айыпталууда. Ал үстүбүздөгү жылдын май айында кармалган. Учурда №1-тергөө абагында отурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: