super.kg logo

Кыргыз ырчылары Орусиядагы мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап концерт беришти

 

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчылар Гүлзада Рыскулова, Омар, Мирбек Атабеков Москва шаарында мекендештерди куттуктап концерт беришти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бүгүн, 2-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, иш-чараны “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмеси, “Санат-Ордо” маданият комплекси жана аталган элчилик уюштурган.

Мындан тышкары бир катар чыгармачыл кечелер уюштурулуп, ага КРнын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Раимжан Курбанов жана акын Алтыбек Исмаилов катышты. Курбанов белгилүү кыргыз адабиятчыларынын ырларын окуду. Кеченин жүрүшүндө ар кайсы мамлекетте жашап жаткан мекендештерибиздин арасында улуттук маданиятты өнүктүрүүдөгү жана кыргыз тилин сактоодогу көйгөйлөр талкууланды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов: “Мекенге болгон сүйүү өзүнүн элинин тарыхын сыйлагандан, анын келечеги үчүн дайыма кам көрүп, талыкпай эмгектенүүдөн башталат”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.09.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коруучулор аз барышыптыр соц сет тармактарына емне учун жазышпайт концерттерди жана бащкаларды Москвада болот сааат мынчада белети мынча деп. Келип кетип калганын еле угасын
03.09.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ganibal87, соц сеттерге жазышкан сен корбой калсан керектирда
03.09.2014. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бара албай калдыыыым):
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: