super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн атайын рубрика иштөөдө

 

Жогорку Кеңеште "Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу" рубрикасы иштеп жатканын парламенттин басма сөз кызматы 2-сентябрда билдирди. Жарандар парламент депутаттарына жазуу жүзүндөгү кайрылууларын kattar@kenesh.kg электрондук дарегине жөнөтө алышат. Электрондук почтага келип түшкөн каттарды кароо тартибине ылайык, жарандар өздөрүнүн электрондук билдирүүлөрүндө сөзсүз кайрылуу жөнөтүлүп жаткан мамлекеттик органдын аталышын же кызмат адамынын аты-жөнүн көрсөтүүгө тийиш. Кайрылып жаткан адамдын да аты-жөнү, байланыш маалыматы, жашаган дареги көрсөтүлөт.

Андан сырткары электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде электрондук документтердин көчүрүлүп алынган нускаларын, интернеттеги электрондук файлдар жайгаштырылган даректерди (электрондук документтерди, фото жана видеоматериалдарды) тиркөөгө жол берилет. Электрондук кайрылуу кабыл алынгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңештин аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан анын келип түшкөн убактысын, кириштелген номурун, маалымдама телефонун көрсөтүү менен же кароодон баш тартылгандыгынын себебин негиздеп көрсөтүү менен кабардама берилет. Жарандарга электрондук жооптон сырткары жазуу жүзүндө да жооп берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: