super.kg logo

Автандил жана Айар аттуу ырчылардын продюсери Арсен Мендебаев уулдуу болду

 

Автандил жана Айар аттуу ырчылардын продюсери Арсен Мендебаевге жубайы бүгүн, 2-сентябрда уул төрөп берди. Бою 50 сантиметр, 3,7 килограмм салмакта жарыкка келген ымыркай эки жаштын биринчи бактысы. Наристе жытын жаңы искеп жаткан продюсер сүйүнүчтүү кабары менен SUPER.KG порталына бөлүштү: “Ата болуу бактысына ээ болуп, сүйүнүчүм койнума батпай жакындарыма жар салып жатам. Тун уулум мени чоң бактыга бөлөдү. Ичимде болуп жаткан сезимди сөз менен жеткире албайм. Жубайым түнкү саат 3:30да көз жарды. Учурда төрөтканада сүйүктүүм менен уулумдун жанындамын. Балама Эрдене деген ысымды атам ыйгарам деп тилек кылып койгон”.

Эске салсак, Арсен Мендебаевдин жубайы Дайыр Исмадияровдун “Кара көз” аттуу клибине тартылган Элиза Сапарбек кызы. Бул клипте кара көз кыз роль жаратып, Арсен мырзанын жүрөгүн багынткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
02.09.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боосу бек болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: