super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нарынбек Молдобаев гимн ырдоодо колду көкүрөккө коюуга дагы эле маани бере элек

 
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы. 2014-жыл, 1-сентябрь.
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы, 2013-жыл.
Кечээ, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ишин баштады. Жыйын адаттагыдай мамлекеттик гимн менен ачылып, депутаттар колун көкүрөккө алып саналуу мүнөттөргө орундарынан турушту. Бул жолу залда эки депутат жанындагылардан өзгөчөлөндү. Исмаил Исаков гимнди колун көкүрөккө койбой укса, Нарынбек Молдобаев колун көкүрөккө эмес, курсакка коюп турду. Молдобаев муну менен биздин бир жыл мурунку ушул темадагы кабарыбызды эске салды. 
Анда да гимн ырдалып жатканда колун курсакка коюп турган чиновниктердин катарында Молдобаев бар болчу. Молдобаевдин сессия ачылышындагы былтыркы жана быйылкы сүрөтүндө эч кандай айырма жоктугун төмөнкү сүрөттөр тастыктайт. Демек, аталган депутат гимн аткарууда колду көкүрөккө алууга дагы эле маани бере элек. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: