super.kg logo
  Спорт  

Нарын. КРнын хоккей боюнча 5-юбилейлик чемпиондугу Нарын шаарында өтөт

 

25-январда КРнын хоккей боюнча 5-юбилейлик чемпиондугунун 2-туру жана өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кубогуна арналган мелдеш Нарын шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу "Ала-Тоо-Дордой" хоккей командасынын машыктыруучусу Болотбек Бектемишов билдирди. Мелдешке 5 команда катышат. Алар: Бишкектин “Арстан", Жумгал районунун "Шортон”, Нарын облусунун “Ала-Тоо-Дордой”, Миң-Куш шаарынын “Миң-Куш” жана Кочкор районунун “Ормон-Хан” командалары. Белгилей кетсек, аталган мелдештин 1-туру Бишкек шаарында 2012-жылдын декабрь айында болуп өткөн. Эми 2-турдан жеңип чыккан командалар Бишкекте февраль айында өтүүчү 3-турга катышышат. Ал мелдеште жеңишке жетишкен командалардын арасынан Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, 16-24-мартта Таиланд өлкөсүнүн Бангкок шаарында өтүүчү Азиянын чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат.  

1. "Ала-Тоо-Дордой" командасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: