super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министрлиги: "2010-жылдан бери 744 адам "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" делинип, материалдар сотко жиберилген"

 

Бүгүн, 2-сентябрда парламенттеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин отурумунда уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси боюнча талкуу жүрдү.

Комитет мүчөсү Абдыжапар Бекматов ИИМдин өкүлүнөн өлкөдө канча кылмыштуу топ бар экенин сурады.

Ички иштер министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2010-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 700дөн ашуун мүчөсү каттоого алынса, 2013-жылы бул сан 300гө кыскарган.

ИИМдин каттоосу боюнча, 2010-жылдан бери 744 жаран кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Өткөн жылы кылмыштуу топтун мүчөсү деп бизде 447 адам турган. Биз аларды сотко жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, көбү акталып кетип жатат. "УКТ мүчөсү" деп так айта албайбыз. Муну бир гана сот аныктайт. Учурда биз аларды кылмышкер деп каттоого коюу үчүн механизмдерди иштеп жатабыз”,- деди ИИМ өкүлү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: