super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Жаңы президент келгенге чейин аскерлер турак үй менен камсыздалсын деген тилегим бар"

 
Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин офицерлерине жаңы курулган батирлердин ачкычтарын тапшырат. Салтанатта өлкө башчы "жаңы президент келгенге чейин аскерлер турак үй менен камсыздалсын деген тилегим бар" деди.
Ал эгемендүүлүк жылдарында аскерлерге жетиштүү көңүл бурулбай келгенин, акыркы жылдары бул багытта конкреттүү иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Ушул жылдын башында Башкы штаб түзүлгөн. Орусиянын жардамы менен Коргоо министрлиги керектүү техника менен камсыздалып жатат. Бүгүнкү күнү республика боюнча аскер кызматкерлерине бир топ турак үй курулууда.
2017-жылы жаңы президент шайланганга чейин аскерлердин 70-80 пайызы батир менен камсыздалсын деген тилегим бар. "Өзүнүн армиясын бага албаган эл башканын армиясын багат" деген сөз бар эмеспи. Ошондуктан аскерлерге ар дайым колдоо көрсөтүп турушубуз керек",- деди президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: