super.kg logo

Эртең Бишкекте белгилүү орусиялык сүрөтчү Андрей Колкутиндин "Метаморфоздор" аттуу жеке көргөзмөсү ачылат

 

Эртең, 4-сентябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде биринчи жолу белгилүү орусиялык сүрөтчү Андрей Колкутиндин колунан жаралган "Метаморфоздор" аттуу эмгектеринин коллекциясы тартууланат. Бул тууралуу аталган музейдин директору Юристанбек Шыгаев маалымат жыйынында бүгүн, 3-сентябрда билдирди.

“Эртең чоң маданий ачылыш болгону жатат. Өсүп келе жаткан сүрөтчүлөр белгилүү сүрөтчүнүн эмгегине күбө болушат”,- дейт Юристанбек Шыгаев.

“Бишкекке биринчи жолу келген жокмун. Жубайым сиздердин жердешиңиздер. Бирок 24 жылдан бери келген эмесмин. Бул жакка көргөзмөмдү тартуулоону өзүм сунуштадым. Идеямды колдоп, көргөзмөнү уюштуруп берген музейдин жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерде жакшы музей бар. Ал - Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейи. Анда алдынкы классиктердин коллекциясы чогулган”,- дейт Андрей Колкутин.

Көргөзмөгө автордун жакынкы аралыктагы чыгармачылыгын чагылдырган 40 живопись жана 15 графикалык эмгек коюлат. Келген көрүүчүлөр сүрөтчү аркылуу күнүмдүк жашоонун жөнөкөйлүгүн көрө алышат.

Андрей Колкутин 1957-жылы туулган. Көркөм билимди Ленинграддын Сүрөтчүлөр академиясында алган. Анын эмгектери Орусиянын Третьяков мамлекеттик галереясында, Кабардин-Балкария мамлекеттик музейинде, Волгограддагы картиналык галереяда көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: