Статистика комитети: Кыргызстанда учурда орточо маяна 11 845 сом
Кыргызстанда 2014-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо маянасы 11 845 сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Улуттук банк аныктаган валюталардын курсуна жараша 2014-жылдын январь-июнунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 225,7 доллардан айланды.
Быйылкы жылдын 6 айында Кыргызстан дүйнөнүн 122 өлкөсү менен соода жүргүздү. Товарлар дүйнөнүн 73 мамлекетине экспорттолуп, 119 өлкөдөн импорттолгонун билдирет мекеме. Экспорттун негизги көлөмү Казакстанга (жалпы экспорттун 24,2 пайызы), Швейцарияга (24,7 пайыз), Бириккен Араб Эмирликтерине (15,5 пайыз), Өзбекстанга (9,6 пайыз), Орусияга (7 пайыз) жана Түркияга (5,2 пайыз) жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

