super.kg logo
  Саясат  

“Коррупцияга каршы күрөштүн начарлашына эл себепкер” дейт Чыныбай Турсунбеков

 

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков коррупцияга каршы күрөштө бийликтин эле эмес, элдин да жоопкерчилиги болушу керектигин эскертти. Депутат бүгүн, 3-сентябрда “Парламент” радиосунун түз байланышында болду. Угармандардын бири "Мыйзамдар кембагалдар үчүн эле иштейби?" деген суроо берип, миллиондогон сомдорду уурдагандар кармалып, кайра бошотулуп жаткан фактыларды мисал келтирди.

Турсунбеков жеп-ичкендердин жаман көрүнгөнүнө, алардын ар кандай тоскоолдуктарына карабай, азыркы бийлик бир топ коррупциялык иштерге каршы күрөштү улантып жатканын айтты. Буга чейин судьяларга, депутаттарга, министрлерге каршы кылмыш иши козголбой келгендигин белгилеген депутат мыйзам бузуп кармалгандардын жакындары, тууган-туушкандары аларды бошотуу талабын коюп, бийликти опузалап жатканын кошумчалады. “Эл өзү ушинтип жатса, коррупцияга каршы күрөш солгундап жатат да. Андыктан коррупция менен күрөшүүдө жеке эле бийлик эмес, элдин да жоопкерчилиги болуш керек”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: