Японияда өкмөт курамы өзгөрдү

3-сентябрда Япониянын премьери Синдзо Абэ өкмөттүн курамын өзгөртүп, беш министрликтин жетекчилерин алмаштырды. Алардын бешөө тең аялдар. Калган министрлер өз ордуларында калышты. Япониянын маалымат булактары, бул аракет Синдзо Абэнин 2012-жылдан берки эң алгачкы реформага болгон аракети экенин жазышты.
Маалыматтарда “Синдзо Абэ өлкөнүн активдүү аялдарына кеңири мүмкүнчүлүк берип, социалдык, саясий аренага тартуунун аракетин көрүп жатат. Ал 2020-жылга чейин аялдар жогорку кызматтардын үчтөн бир бөлүгүн ээлеши керектигин айтууда”, - деп жазылат. Жаңы курамда мурдагы премьер Кэйдзо Обутинин кызы Юко Обути да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

