super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыда

 

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдынкы сапта. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу органдарында катталган жумушсуз жарандардын саны (тиешелүүлүгүнө жараша) аталган облуста 12 116. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдиргендей, 1-августка карата өлкөдө жумушсуз деп каттоодо тургандардын саны 93 300 адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга аз. Мамлекеттик иш менен камсыз кылуу органдарында катталган жумушсуз жарандардын саны башка облустарда төмөндөгүдөй:

Баткен: 5805 адам

Ысык-Көл: 4372 адам

Нарын: 6438 адам

Ош: 11 728 адам

Талас: 2239 адам

Чүй: 5710 адам

Бишкек шаары: 7217 адам

Ош шаары: 2286 адам

Катталган жумушсуз жарандардын 51,7 пайызын аялдар түздү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: