Былтыр министрлердин ичинен эң көп киреше тапканы Темир Сариев, "эң жардысы" Абдулда Суранчиев (тизме)
Кыргызстанда көпчүлүк аткаминерлер 2013-жылкы кирешелери жана үй мүлкү боюнча декларация тапшырышты. Алардын катарында өкмөттүн курамы да бар. Документтеги маалыматка таянсак, министрлердин ичинен былтыр эң көп киреше тапканы - экономика министри Темир Сариев. Кайсы министрдин канча киреше тапканы төмөндө.
Автор: Автандил Добулбеков
Темир Сариев, экономика министри: 1 миллион 590 857 сом
Камила Талиева, маданият, маалымат жана туризм министри: 1 миллион 092 695 сом
Ольга Лаврова, каржы министри: 1 миллион 080 826 сом
Кубатбек Боронов, өзгөчө кырдаалдар министри: 732 945 сом
Алиясбек Алымкулов, эмгек, миграция жана жаштар министри: 698 635 сом
Эрлан Абдылдаев, тышкы иштер министри: 603 031 сом
Динара Сагынбаева, саламаттыкты сактоо министри: 475 262 сом
Чыңгысбек Узакбаев, айыл чарба жана мелиорация министри (мурунку): 469 552 сом
Осмонбек Артыкбаев, энергетика жана өнөр жай министри: 447 900 сом
Алмамбет Шыкмаматов, юстиция министри: 395 824 сом
Канат Садыков, билим берүү жана илим министри: 369 260 сом
Кудайберген Базарбаев, социалдык өнүгүү министри: 355 107 сом
Калыкбек Султанов, транспорт жана коммуникация министри: 353 988 сом
Абдулда Суранчиев, ички иштер министри: 309 062 сом
Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин кирешеси тууралуу маалымат берилген эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-1

