super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учак боюнча Коргоо министрлигинин маалыматын угууну талап кылышууда

 

Бүгүн, 4-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев ушул жылдын 18-июлунда Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учак боюнча Коргоо министрлигинин маалыматын угууну талап кылды. Депутат бул окуяга ким жоопкер экенине кызыкты. “Куралдуу күчтөрдүн тик учагы кулап түшкөн. Ал миллиард сомдой турса керек, буга ким жооп берет? Бул жерге Коргоо министрлигин чакырып, маалыматын угалы”,- деди ал. Мындан кийин депутат Исмаил Исаков: “Коргоо министрлиги ага жооп бербейт. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын чакыралы, ошолор жооп бериш керек”,- деп чыкты.

Маселе күн тартибине кирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: