super.kg logo
  Саясат  

Аксыда чек арачылар ээлеп алган бала бакчанын имаратын тезинен бошотуу талабы парламентте айтылды

 

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарындагы бала бакчанын имаратын чек арачылар ээлеп алган бойдон эмдигиче бошотуп бербей жатышат. Бул тууралуу депутат Анарбек Калматов бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Балдардан имарат талашкан уят экенин айткан депутат бул ишти өкмөт тез арада чечиши керектигин кошумчалады. Мектептердин курулушу боюнча буларды билдирди:

“Тиешелүү каражат толугу менен которулуп берилгенине карабастан, Аксы районундагы Кашка-Суу айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылынын башталышына карата бүтпөй калган. Каражат келбей калса бир жөн. Бул ишти тезинен иликтеп чыгып, мектеп курулушунун бүтпөй калганына катышы бар күнөөлүү кызмат адамдарына катуу чараларды көрүү керек”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: