super.kg logo
  Саясат  

Анвар Артыков "Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетовду иштен алуу керек" дейт

 

Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында депутат Анвар Артыков Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын коррупциялык ишин текшерүүгө тоскоол болуп жатканын айтты. Анын билдиришинче, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айрым адамдары дагы эле жогорку кызматтарда турушат.

Мамбетовду жумуштан алууну мен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевден суранам. Ал киши учурда дирекциянын коррупциялык иштерин текшерген комиссияга өз таасирин тийгизип, тоскоолдук кылып жатат”,- деди Артыков.

Эл арасында аталган кызматка өтө көп нааразычылыктар болуп жатканын кошумчалады. Шаарда мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат дагы ушул. Коррупцияга батып кеткен. Элдер ар кандай сын айтып, нааразы болуп жатышат”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: