super.kg logo

Бразилияда башы артка бурулуп төрөлгөн Клаудио дасыккан оратор катары дүйнөнүн ар тарабынан чакыруу алууда

 

Дүйнөдө таң калтырган көптөгөн дарттардын бири артрогрипоз (сөөк булчуңунун жабыркаганы менен төрөлөт) болуп саналат. Көпчүлүк учурда бул оору адамдардын муундарына тийип өтөт. Чет элдик басылмалар 3-сентябрда дал ушундай илдетке кабылган бразилиялык Клаудио Виейра де Оливейра тууралуу жазып чыгышты. 

Бул дарт анын моюнун зыянга учуратып, башы артка бурулуп калган. Клаудио Виейра де Оливейра жарыкка келгенде жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү аз болгону айтылат. Адамдар апасына наристе ачкадан каза болуш үчүн эмизбөө тууралуу кеңешин беришкен. Физикалык жактан чектелүүсүнө карабастан, Клаудио дарыгерлерге чакырык таштап, өз алдынча жүрүүгө гана эмес, эсепчи жана оратор болууга жетишкен.

“Мен кичине кезимде өзүмдү дайыма бир нерсе менен алаксытчумун жана бирөөгө көз каранды болгонду жактырчу эмесмин. Бүгүн мен эсеп-кысап жаатында иш алып барам жана семинарларды өткөрөм. Буту-колумдун туура эмес жетилгенине карабай өз алдымча телевизор, радио күйгүзгөндү, чөнтөк телефонумду алганды, компьютер жана интернет колдонгонду үйрөндүм”,- дейт 37 жаштагы Клаудио.

Көз карандысыз Клаудио өз күчү менен Фейра-де-Сантананын мамлекеттик университетинде окуп, эсепчи кесибине ээ болгон. 8 жашында тизеси менен басканга үйрөнө баштаган. Мындан улам баласынын тепкичтен түшүүсүнө ыңгайлуу болуш үчүн үй-бүлөсү биринчи кабатка көчүшкөн.

“Мен бул дүйнөгө көндүм жана өзүмдү башкача сезбейм. Ошондой эле буюмдарды тескери көрө албайм. Мен буларды дайыма семинарларымда айтып келем”,- дейт ал.

Клаудио коомчулук менен иштегенден коркпой турганын жана сырткы келбетинен уялбаганын айтат. Бул коркунучтуу дартка жашоосун бузууга жол бербеген эрктүү адам азыркы тапта дүйнөнүн ар тарабынан чакыруу алган дасыккан оратор. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
04.09.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Субханаллах, жакшы адам экен.
04.09.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ээ азыр колу буту соо адамдар журушпойбу кайры сурап..ден соолугу чындарга караганда кандай иштейт экен аж семинарларды алып барат экен.оо кудай баары адамдын жан дуйносунон, аракетинен экен да
04.09.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калыштууу))))
04.09.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тобо кылдым, аябай кучтуу адам экен. адамзаты бардыгына көнө беребиз да.
04.09.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-Энесине рахмат,чанып кетпей багышкан.
04.09.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алаталам берген омуру менен жашап журот да айла жок башкага. АЛХАМДУЛА
04.09.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын керемети да!
05.09.2014. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toboo
06.09.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блииииин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: