super.kg logo
  Саясат  

Министр Камила Талиева кызматтык унаасын эмне үчүн иштен сырткары пайдаланылганы боюнча жооп бере элек

 
Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кызматтык Кадиллак автоунаасын эмне үчүн жумуштан сырткары, ишемби күнү колдонгону боюнча түшүндүрмө бере элек. Айта кетсек, маданият министрине таандык 017 KG номурлуу унаанын өткөн ишемби күнү (иш күнү эмес) Горький көчөсүндөгү балдардын буюмдары сатылган дүкөндүн жанында токтоп турганы интернет аркылуу жарыяланган эле. Мыйзамга ылайык, кызматтык автоунааны жеке иштерге колдонууга уруксат берилбейт. 
Эскертме: Былтыр сентябрда Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата Кытай Кыргызстандын өкмөтүнө Cadillac XTS үлгүсүндөгү 46 автоунаа берген. Саммиттен кийин ал унаалардын 10у Жогорку Кеңешке, 10у министрликтерге берилген.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: