Чолпон-Атада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Муну бүгүн, 4-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн ИИМдеринин кызматташтыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу маселелери талкууланат. Учурда Кыргызстандын ИИМи төрагалык кылган кеңештин жыйыны 4-6-сентябрь күндөрү орун алмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

