super.kg logo

Жылнаама, 5-сентябрь: Мындан 17 жыл мурун Тереза эне атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу каза болгон

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы БШКнын жыйынында Жогорку Сот тарабынан айыпталып, депутаттык мандаттарынан ажыратылган “ата журтчу” Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ордуна жаңы депутаттар бекитилген. Алар: Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков жана Бакыт Шаршеев.
 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2013-жылдын супер тасмасы" аталган режиссёр Руслан Акундун "Салам, Нью-Йорк!" көркөм тасмасы Түштүк Кореянын Сеул шаарында болуп өткөн “Seoul International Drama Awards” кинофестивалында атайын байгеге татыган.
* Мындан 42 жыл мурун, 1972-жылы Германиянын Мюнхен шаарындагы XX Жайкы Олимпиада оюндары учурунда палестиналык "Кара сентябрь" террордук уюму Израилдин командасын барымтага алган. Аларды бошотуу операциясында барымтадагы 11 адам, 5 террорчу жана 1 полиция кызматкери каза болуп, 3 террорчу колго түшүрүлгөн.
* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы Тереза эне атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу 87 жаш курагында Индиянын Калькутта шаарында каза болгон. Дүйнөдө СПИД менен ооругандарга клиника ачкан биринчи адам Тереза болгон. 1979-жылы Тереза энеге тынчтык "Нобель" сыйлыгы "Азап чеккен адамга жардам берүү ишкердиги үчүн" ыйгарылган. Бирок ал салтанатка келүүнүн ордуна Бейрутка учуп кеткен. Анткени кандуу өрөөндөн 38 жаш баланы алып чыгып кетүү миссиясы аталган сыйлыктан ары жогору, ары сыймыктуу болгон.
5-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: