super.kg logo

Бишкекте ырчы Аваз Акимов тушоо кесүү концертинде ансамбль менен комузда, аккордеондо кол ойнотот

 

7-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Аваз Акимов тушоо кесүү концертин тартуулайт. “Айганыш”, “Эми башка”, “Ай, ай, ай” жана башка популярдуу ырлардын аткаруучусу учурда концертке чоң камылга көрүп жүргөнүн SUPER.KG порталына билдирди. Калың журтту жагымдуу кайрыктар менен кубандырайын деген ырчы бул концертте аккордеон жана комузда кол ойнотуп, ансамбль менен өнөрүн тартуулайт.   

“Даярдык жакшы. Ашыкча акча сарпталбаш үчүн уюштуруу жагын өзүм колго алып, тажрыйба топтоп жатам. Чынын айтсам, кыйын экен. Мойнума чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, түш оогондо "баарына жетишем, баары жакшы болот" деп жеңилдеп калам да, эртең менен турганда ойдогудай болбой калчудай кыйналып кетем. 2 күн калды, бүтө элек айрым нерселер бар, ошолор жүрөгүмдү өйүтүп жатат. Негизи, концертти элге жага тургандай кылып өткөрүү - башкы максат. Күйөрмандарым мени менен бир кечеде майрамдык маанайда отурганын ниет кылып турам”,- дейт толкунданган Аваз Акимов. 

Белгилей кетсек, бул концеттин коноктору ырчылар Нурлан Насип, Анжелика, Дайыр Исмадияров, Илгиз Абдалиев жана казакстандык Айбар Серкебаев болмокчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.09.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы откозуп алыныз Аваз мырза
05.09.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймык Бейшекеевди ата деп журот беле атасын чакырбаптырбы
bema_bema түзөттү 05.09.2014 13:30
05.09.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bema_bema, Чакыргандыр да. Атасы он кундо бир жолудан концерт берип, квартира машина сайып жатат.
05.09.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырчы!Концертинди ийгиликтер коштосун!Москвага да келип кеткиле.
05.09.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насиптан башкасын тим еле койбоптур .Чакырса атасынын оордуна ата болуп жургон Сыймый Бейшекеевди чакырбайбы?
05.09.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймык кече жакында эле концерт берди го эми эс алат да.
07.09.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: