super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Ысык-Көлдө көчмө жыйын өткөрүүдө

 

Ысык-Көл облусунда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети менен өкмөттүн биргелешкен жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан КРнын Бюджеттик кодексинин долбоорун талкуулоого арналган көчмө жыйын өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага ЖКнын депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана каржы эксперттери катышууда.

Комитет төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Бюджет кодекси Кыргызстан үчүн эң маанилүү жана эң башкы каржы документи болуп саналат. “Бюджеттик кодексти кабыл алуу менен өлкөнүн жалпы каржы тартиби жөнгө салынат. Ал аркылуу бюджет тутуму уюштурулат, бюджеттик субъекттердин, бюджеттер аралык мамилелердин укуктук негиздери аныкталат”,- дейт ал.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев Бюджет кодексинин долбоорун азырынча мыкты дегенден алыс экенин билдирди. “Ал биринчи окууда кабыл алынып, берилген сунуштар эске алынуу менен дагы бир катар оңдоп-түзөөлөр киргизилип жатат. Андан сырткары парламенттик угуунун жүрүшүндө да жүздөгөн сунуштар келип түшкөн, эл аралык уюмдар да өз сунуштарын берүүдө. Азыр аларды талдап чыгып, тандап алуу милдети турат”, - дейт ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: