super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар республикалык бюджеттин кийинки жылкы болжолдуу таңсыктыгына тынчсызданышууда

 

“Келерки жылдын республикалык бюджетинин абалы баарыбызды тынчсыздандырбай койбойт”,- деп билдирди депутат Курманбек Дыйканбаев. Эл өкүлү бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл аймагында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жаңы КРнын Бюджеттик кодексинин долбоорун талкуулоого арналган көчмө жыйынында айтты. Ал “КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору да талкуулана баштай турганын билдирди.

Бюджет жаатында тезинен чечиле турган көп маселелер баш багып турат. 2014-жылдын биринчи жарымында салыктык түшүүлөр 35 миллиард 145 миллион сомду түзүп, ал 93,6 пайызга гана аткарылды. Мындайча айтканда, пландалган 2 миллиард 408 миллион сом бюджетке түшпөй калды. Бажынын абалы деле ушундай. Ал эми каражаттары кыскартылып жаткандыктан, бюджеттин “капиталдык салымдар” беренеси 1 миллиард 574 миллион сомго же 62 пайызга гана каржыланды. Жыл сайын эле ушинте берүүгө болбойт да”, - дейт Дыйканбаев.

Андан сырткары депутат өкмөт тарабынан сунуш кылынган 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда анын киреше бөлүгү бир аз жогорулаганы менен, чыгаша бөлүгү менен бюджет таңсыктыгы кыйла өсүп кеткени байкаларын айтты. “Быйылкы бюджеттин таңсыктыгы 9 миллиард 443 миллион сом болсо, 2015-жылы ал 14 миллиард 683 миллион сомду түзөрү болжолдонууда. Ошондон улам республикалык болочок бюджеттин абалы баарыбызды тынчсыздандырбай койбойт”,- деди ал.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: