super.kg logo

Бек Борбиевдин чыгармаларын аткаруучулардын арасында өткөрүлгөн сынактын тандоо турунда 12 аткаруучу тандалып алынды (фоторепортаж)

 
Калыстар тобу.
Сынактын тандоо туруна күбө болгон көрүүчүлөр.
Сынактын жүрүшүнөн.
Ырчы Чыңгыз Турдубеков сынактын катышуучулары менен.
Сахна сыртында өз кезегин күтүшкөн сынактын катышуучулары.
Таластан келген аткаруучу Кут Сагынбаков.
Сынакка катышкан кыздар аз болду.
Милиция кызматкери ырдап чыкканда Бек Борбиев: "Биз милицияларга ырдап келсек, мында алар бизге ырдап жатышат, кол чаап колдоп койгула",- деди.
Бек Борбиев ар бир аткаруучуга кол чаап, колдоп отурду. Бул ырчыларга дем-күч берип жатты.
Сынакка ырчы Чыңгыз Турдубеков да катышты.
Сынакка катышкан эң улуу аткаруучу.
Айдар сынакка катышкан эң кенже аткаруучу болду. Бирок сынактын жобосунда 16 жаштан катышууга мүмкүн болгондуктан, ал концертте мейман катары ыр сунат.
Калыстар тобу жыйынтык чыгарууга кетишкенде, катышуучулар элди зериктирбей обон созуп жатышты.
Сынактын финалына ырчы Кутман Жолдошев өттү.
Сынактын жеңүүчүлөрү.
Бек Борбиев сынактын катышуучулары менен эстеликке сүрөткө түштү.

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда Бек Борбиевдин чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата эл ичинен чыккан таланттардын арасында "Делбирим" аталышында сынактын тандоо туру өткөрүлдү. Иш-чарада республиканын бардык аймактарынан келген 90го жакын катышуучу өнөрлөрүн калыстар тобунун сынына коюшту. Алар ырчы, обончу Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларды аткарышты. Ыр сүйүүчүлөрдүн таланттарын обончу жана аткаруучу Жаныш Момунов, ырчы Алтынбек Алымов, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев баалашты. Жыйынтыгында финалга 12 ырчы тандалып алынды.

Сынактын жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүп, баш байгеге автоунаа коюлат.

Алдынкы 10 катышуучунун таланты калыстардын сынынан тышкары жергиликтүү радиодо жана SUPER.KG порталында онлайн добуш берүүгө коюлат. 

2014-жылдын 22-23-24-сентябрь күндөрү борбор калаада өтө турган концерттин жүрүшүндө жеңүүчүлөр сыйланат. Сынактын максаты - маданияттын ажырагыс бөлүгү, руханий байлыктардын бири болгон ырчылык өнөрдү өрчүтүү, жаңыдан чыгып келе жаткан жаш өнөрпоздорго колдоо көрсөтүү.

Бек Борбиев сынак тууралуу буларга токтолду: “Көпчүлүгү финалга чыгууга татыктуу адамдар экен. Калыстар тобуна тандоо кыйынга турду. 4 киши алмакпыз, айла жок, 12ни тандап алдык. Өзүбүздүн концертибиз болгондо сынактын катышуучуларын да ырдатышыбыз керек. Ошондо бизге аз убакыт бөлүнүп калды. Антсе да ушунча даярданып келип жатышкан соң, таланттууларды сыйлап, өзүбүздүн номерлерди кыскартып, аларга орун беребиз. Ошондой эле бул сынакка катышкан эң улуу бир байке жана эң кенже бала концертте конок катары ырдашат. Оштон да үч катышуучуну тандамакпыз, төрттү тандоого туура келди”. 

“Сынакка эки досум менен экинчи үн болуп гитара менен ырдайм. “Замандаш” деген ырын аткарабыз. Бек Борбиевдин чыгармачылыгын сыйлайм, ал өзүнүн башкача стили менен өзгөчөлөнүп турат. Кыргыз маданиятына бараандуу салым кошуп келген инсан катары билем. Экөөбүздүн окшоштугубуз музыкалык аспап менен ырдаганыбызда”,- дейт ырчы Чыңгыз Турдубеков.

“Бек байке канатын жайып, таланттууларды чогултуп жатат дегенин угуп Таластан келдим. “Бүгүн майрам, бүгүн той" деген ырын аткардым. Катышуучулардын баарына ийгилик каалайм. Буйрук деген бар, ошону көрө жатарбыз. Учурда чыгармачылыкты кесип катары алып кетүү максатында ырларды жаздырып жүрөм. Бала кезимден ырдайм, ыйык сахнага чыгып ийгиликтерге жетишким келет”,- дейт Кут Сагынбаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
07.09.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаңыдан чыгып келе жаткан жаш өнөрпоздорго колдоо көрсөтүү deibi???Kutman Joldoshev gady jana bashka aty chygyp kalgandar... menin oyumcha kasting teskeri ottu okshoit,jakshy yrdagan katyshuuchular otpoi ele,Bek baikenin je kalystar tobunun taanyp bilip jurogndoru otup ketti okshoit...
07.09.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
толук корсок жакшы болмок видеосун.
07.09.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ийгилик
07.09.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кап мен тандоо туруна катыша албай калдым. Катышуучуларга ийгилик каалап кетем
07.09.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сузгоо.....
07.09.2014. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутман Жолдошов алат да айтпаса деле белгилуу го
07.09.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл ото копго ))
08.09.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо шоубизнестин саясаты да
08.09.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арзыбек деркенбаев кучтуу талапкер экен ийгилик каалайм
09.09.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ушул концертти тартсаныздар толук жуктоп койсонуздар жакшы болмок кутобуз.Алдын ала рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: