Бүгүн Нарын жана Жалал-Абад шаарларынын мэрлери шайланат
Бүгүн, 8-сентябрда Нарын жана Жалал-Абад шаарларынын мэрлерин шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын мэрлигине эки талапкер ат салышат. Алар: мэрдин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов жана шаардык кеңештин депутаты Нурлан Маматов. Ал эми Нарын шаарынын мэрлик кызматына талапкерлер: шаардык кеңештин депутаттары Автандил Молдосалиев, Марат Ысмайылов, Нурлан Максүталиев, Рахат Адиев, Нурбек Молдокадыров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

