Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 46 сомго жакындады
Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 46 сомго жакындады. Өткөн апта, 1-2-сентябрь күндөрү АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы көпчүлүк автоунаага май куюучу жайларда 45 сом 10 тыйынды түзсө, 8-сентябрга карата 45 сом 80 тыйынды түзүүдө. Автоунаасына мурда 92-үлгүдөгү бензин куюп жүргөн айрым айдоочулар баалар өскөндөн кийин АИ-80 үлгүсүндөгү бензин колдонууга өтүштү. Учурда АИ-80 38,7 сом, АИ-95 48,2 сом, АИ-98 51,4 сом болууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, сентябрда Кыргызстан боюнча бензиндин баасынын 5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөрүн буга чейин КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

