Бишкекте бүгүн, 8-сентябрда 147 жаран ажылык сапарга аттанат
Бүгүн, 8-сентябрда 147 жаран Бишкектен Меккеге ажылык сапарга аттанат. Муфтияттын маалыматы боюнча, алгачкы каттам менен борбор шаардын жана Нарын облусунун зыяратчылары жөнөшмөкчү.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кечээ, 7-сентябрда "Ажылык-2014" штабы менен жыйын өткөрүп, зыяратчыларды Мадина жана Мекке шаарларындагы мейманканаларга жайгаштыруу, тартип маселелеринде ажы башчылары кененирээк түшүндүрмөлөрдү берип, жоопкерчиликтүү болушу керектиги эскертилгени айтылды. "Иш-чарада ажылык сапарга аттанган жарандарга ажылардын ибадаттарын толук, кемчиликсиз аткарып келүүсү үчүн аларга диндин негиздеринен ажы башчылары тез-тез айтып, эскертип туруулары талкууланды" деп билдирет мекеменин маалымат кызматы.
Экинчи каттам Ош шаарынан 9-сентябрь күнү жөнөйт, анда Баткен облусунун 174 жараны аттанмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

