super.kg logo

Бишкекте "Аялдардын көз карашы" аттуу көргөзмө ачылды

 
Айымдардын жаратылыштын коюнунда тарткан эмгектери.
Көргөзмөгө коюлган эмгектер.
Бул сүрөттөр Кеминде тартылган.
Чыгармаларынан эргүү алган сүрөтчү айымдар.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн.
Көргөзмөдө кыргыз жеринин жаратылышынын кооздугу чагылдырылган.
Сүйүү темасын чагылдырган эмгек.
С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясынын арт-директору Кайыргүл Казыбекова.
Сүрөтчү айымдар жараткан эмгектеринин жанында.
Сүрөтчү айымдар жараткан эмгектеринин жанында.

Бишкектеги С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында “Аялдардын көз карашы” аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө 9 сүрөтчү айымдын жана мырзалардын живопись, графика, кол өнөрчүлүк өңдүү 100гө жакын эмгектери коюлду. Белгилей кетсек, көргөзмө 15-сентябрга чейин уланат.

“Искусство бир. Ал аял же эркек деп бөлүнбөйт. Аялдардын түйшүгү көп. Эгер чыгармачылык менен алектенишсе, эркектерден көп эмгектерди жаратышмак. Эркектер таарынбай эле коюшсун, бирок бул менин жеке көз карашым. "Арткана Чоң-Кемин" аттуу долбоордун алкагында сүрөтчү айымдардын тобу Кеминде болушуп, жаратылыштын коюнунда сүрөт тартышкан. Ага 28 жаштан 60 жашка чейинки сүрөтчү айымдар катышты. Бул жолу сүрөтчү аялдардын пленэрге барышканы алар үчүн чоң майрам болду. Чыныгы чыгармачылыкка суусап калышканын даңазалап, мыкты эмгектерди жаратып кайтышты”,- дейт музейдин арт-директору Кайыргүл Казыбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: