super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет мал чарбачылыгын жакшыртууга багытталган 15 миллион долларлык макулдашууну жактырды

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 8-сентябрдагы жыйынында “Жайыт жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо боюнча макулдашуунун долбоору каралды.

Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 15 миллион доллар бөлөт. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, бөлүнгөн акчанын 6 миллион 750 миң доллары грант түрүндө, 8 миллион 250 миң доллары насыя иретинде берилмекчи. Кредиттик насыя 30 жылга берилип жатканы айтылды.

“Бөлүнө турган сумма Талас жана Чүй облустарындагы мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртууга пайдаланылат”,- деп билдирди Айдаралиев.  

Депутаттар суроо-жооптон соң макулдашуу долбоорун колдоп беришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: