super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар калкты таза суу менен камсыздабаса, мамлекеттин экономикасы чыгымга учурай турганын айтышты

 

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов комитеттин 8-сентябрдагы жыйынында “калкты таза суу менен камсыздабасак, мамлекеттин экономикасы чыгымга учурайт” деп билдирди. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, азыркы тапта 1805 айылдын орто эсеп менен 76,3 пайызы таза суу менен камсыз болгон.

725 айылда таза суу маселеси толук чечилген эмес. Аларды реабилитация кылуу зарыл. Ал эми 396 айылда таза суу боюнча жаңы курулмаларды куруу муктаждыгы турат. Бул иштер жалпы жонунан 30 миллиард сомдой акча каражатты талап кылат. Жумуштар Азия өнүктүрүү банкынын жана Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, чечилип келүүдө”,- деди Токтошев.

Сайдулла Нышанов калк таза суу менен камсыздалбаса, мамлекеттин экономикасы чыгымга учураарын баса белгилеп, республикалык бюджеттин эсебинен бул багытка каралган каражаттардын дайынын сурады. Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин ушул жылдын сентябрь, октябрь айларында суу менен камсыздоо объекттери толук каржылана тургандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: