Бишкекте 27-сентябрда Иманалы Айдарбековдун мааракесине карата марафон өтөт
Кыргызстандын туңгуч мамлекет башчысы Иманалы Айдарбековдун мемориалдык музейин өзү туулап-өскөн айылында ачуу, шаардагы Пушкин көчөсүнө анын атын берүү пландалууда. Муну 8-сентябрда "Парламент" радиосундагы маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева билдирди. Ушул жылдын 27-сентябрында Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык мааракесине карата марафон өткөрүлмөкчү.
Айта кетсек, 2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында борбор шаардагы Мамлекеттик ишмерлер аллеясында И.Айдарбековдун айкели ачылган. Мындан сырткары анын аты Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1-гимназияга ыйгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

