super.kg logo
  Саясат  

Рамзан Кадыров: "Жикчилдердин ордунда мен болгондо, эчак Киевге кол салмакмын"

 
"Эгер президент Пётр Порошенко элдешүүгө макул болбогондо, Украина армиясы талкаланат болчу". Муну Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров чет элдик маалымат булактарынын бириндеги маегинде билдирди. Киев менен Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын ортосунда жетишилген келишимдер боюнча Кадыров буларды айтат: "Бул биринчи кадам. Бул согушта Украинанын утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү жок деп ойлойм. Эгер мен жикчилдердин жетекчиси болсом, эчак эле Киевге кол салып, аны алып коймокмун. Киевге жана өлкөнүн башка аймактарына согуш чыгарбаганы үчүн украиналыктар аларга ыраазычылык билдириши керек". 
Эскерте кетсек, 5-сентябрда Киев менен Донецк, Луганск Элдик Республикаларынын ортосунда тийиштүү протоколго кол коюлган. Андагы пункттардын бири Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерди токтотуу болгон.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: