super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Тажикстан парламентинин жетекчилигин Тажикстандын көз карандысыздык күнү менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Тажикстандын Оли Мажилисинин Мили Мажилисинин төрагасы Махмадсаид Убайдуллоев менен Оли Мажилисинин Намояндогон Мажилисинин төрагасы Шукуржон Зухуровго өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер көп кылымдык достук байланыштарга негизделген. Мындай алакалардын артышына биздин парламенттер да өз салымын кошууга тийиш. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында мындан ары да биргелешкен аракеттер болоруна ишеним артам. Сиздердин мамлекеттик маанилүү ишиңиздерге ийгиликтерди, ал эми Тажикстан элине бакубат турмуш жана өсүп-өнүгүү каалайм деп айтылат Жээнбековдун куттуктоо катында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: