super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар эл аралык маанидеги унаа жолдорду тоскондорго чара көрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырышты

 

Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин бүгүнкү отурумунда эл аралык маанидеги унаа жолдорду тоскондорго чара көрүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга коюлуп, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Демилгечи депутат Майрамбек Расулов бул мыйзам долбоору эл аралык мааниге ээ болгон унаа жолдорду тоскондордун административдик жоопкерчилигин күчөтүүгө багыттала турганына токтолду. 

"Мыйзамда жол тосуу тартип менен көрсөтүлгөн. Макул, жолду тосушсун, бирок башка адамдарга тоскоолдук жаратпашы керек. Анан 23 же 24 саат бою чоң жолду тосуп туруп алса, ага жоопкерчилик каралышы керек",- деди.

Депутат Галина Скрипкина стратегиялык маанидеги жолдор тосулбашы керектигин айтты.

"Мен бул мыйзам долбоорун колдоого алам. Жол тосулбашы керек. Нааразы болуп жолду тоспостон, тынчтык митингине чыгышса болот. Бирок мыйзамга каршы аракеттерге барбашы зарыл",- деди депутат.  

Талкуудан соң мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: