super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоорун жактырды

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 9-сентябрдагы отурумунда Кыргызстанда балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоорун бекитүү жөнүндө маселе каралды. Документти комитет жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев алып чыкты.

Программанын максаты балдардын укуктарын жана алардын кадыр-баркын урматтоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук деңгээлин басаңдатуу, жашы жетпегендердин кайталап кылмыш кылуусун алдын алууга багытталган.

Депутаттар талкуудан соң министрликтерге мектептерге укук бузуу, кылмыш, жоопкерчилик жаатындагы темаларда окуу программаларын иштеп чыгуу, иш-чаралар комплексин өткөрүүнү тапшырышты.  

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин кароосуна балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоорун бекитүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: