super.kg logo
  Саясат  

Курмантай Абдиев "таза суу көчө бойлорунда эмес, ар бир үйдүн короосунда болуш керек" дейт

 

"Кыргызстанда жалпы 1891 калктуу конуш болсо, анын 1805и айыл деген толук аталыштарга ээ. Алардын 1272синде таза суу менен камсыздоо маселеси араң жан абалда. 396 айылда таптакыр таза суу жок",- дейт депутат Курмантай Абдиев. Муну депутат бүгүн, 9-сентябрда "Парламент" радиосунун түз байланышында билдирди. Быйыл таза суу менен камсыздоо маселесине республикалык бюджеттен 200 миллион сом суралгандыгына карабай 25 миллион сомдук эле каражат каралганын, анын 5 гана миллион сому колго тийгенин айтат ал. 

"Сууну көчөлөргө орнотулган суу түтүктөрү эмес, ар бир үйдүн короосуна киргизилген суу түтүктөрү аркылуу камсыздашыбыз керек. Ошондо суу пайдалануучулардын жоопкерчилиги артып, суу түтүктөрүнө аяр мамиле жасап, андан алып жаткан сууну да сарамжалдык менен колдонууга өтөт",- деп кошумчалайт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: