super.kg logo
  Саясат  

Кожобек Рыспаев өкмөт өкүлүнө: “Бакиевдей болуп "быйыл свет көп өчөт" деп ачык эле айтпайсыңарбы"

 

Курманбек Бакиевдей болуп ачык эле айтпайсыңарбы, "быйыл свет көп өчөт" деп. Энергетика министрлиги, элге жеңилдик кылабыз деп коюп таптакыр эле бууп салдыңар”,- деди депутат Кожобек Рыспаев. Депутат бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында электр энергиясына байланышкан маселени кароо учурунда айтты.

"Жайында Токтогул суу сактагычына сууну толтуруп алууга болобу?" дегенибизде министрлик "мүмкүнчүлүк болот" деген. Же светтин баасын көтөрө албай жатканда болот деп жибердиңер беле? Бакиевдей болуп ачык айтсаңар болот да. Албетте, "тезек тергиле" дебей, "суу аз, светти үнөмдөп пайдалангыла" деп. Светти кыркканда эмне, андан көрө кошумча вариантын сунуштагыла. Төлөйм дегендер төлөйт да”,- деди Рыспаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: