Алмазбек Атамбаев Катардын жаштар жана спорт министри менен спорт жаатындагы кызматташууну сүйлөштү



Бүгүн, 9-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Катар мамлекетинин жаштар жана спорт министри Салах бин Ганим Аль-Алини кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Катардын ортосундагы спорт жаатында кызматташуу маселелери, ошондой эле жаштар саясатында өз ара аракеттенишүү жана тажрыйба алмашуу перспективалары талкууланды. Президент менен министр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу мелдештердин дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну чыңдоодогу маанисин баса белгилешти.
Салах бин Ганим Аль-Али Чолпон-Ата шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш салтанатына катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

