super.kg logo
  Саясат  

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 10-сентябрда “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоорун талкууга Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев алып чыкты.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн “накталай жана накталай эмес” эсептешүүлөрдүн ыкмаларын караштыруучу 4-беренеге толуктоо киргизилүүдө. Ошондой эле интернет аркылуу соода жүргүзүүнүн өнүгүүсүнө байланыштуу тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен товарларды аралыкта сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ченемдер каралган. 

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинде товардын кемчиликтеринин пайда болуу себептери жөнүндө талаш чыккан учурда сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу тарабынан экспертиза жүргүзүүгө акы төлөө каралган.

Талкууда депутат Ирина Карамушкина бул багытта эксперттердин жетишпестигин белгилесе, депутат Дастан Бекешев жеке эксперттерге уруксат берүү зарылдыгын билдирди.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: