super.kg logo
  Саясат  

Мурда оор кылмышы үчүн соттолгондордун талапкер катары шайлоолорго катышуусун чектөө сунушталууда

 

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңеште айрым талапкерлердин шайлоого катышуусуна чектөө коюу максатында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбооруна ылайык, “КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга, “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “КРнын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүгө тийиш.

Демилгечилердин бири Исмаил Исаковдун айтымында, соттолгондугу жоюлган же алынып салынгандыгына карабастан жана башка өлкөнүн жарандыгы бар, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына, шаарлардын мэрине, айыл өкмөтүнүн башчысына шайланууга жана райондун акимдигине дайындалууга укуктуу эместиги, ал эми жогорку билими бар Кыргызстандын ишке жарамдуу жараны шайлана ала тургандыгы тууралуу жобо сунушталууда.

Ошондой эле саясий кызмат орундарынын жана жогорку административдик кызмат орундарынын жетекчилери, мамлекеттик кызматка теңдештирилген айрым кызматкерлердин жашыруун маалымат алууга мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин эске алуу керек. Андыктан кызматкерлердин жашыруун деп эсептелген маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка байланышкан чектөөлөр да ошол себептүү киргизилген, ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланууга тыюу салынат.

Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: