super.kg logo

Бишкекте “Акыл тирек” интеллектуалдык жарышынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанаты өткөрүлөт

 

17-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Акыл тирек” интеллектуалдык жарышынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанаты өткөрүлөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, “Акыл тирек” жарышы 2013-жылдан бери “Кыргызстандын идеялык картасы” долбоорунун алкагында өткөрүлүп, 2014-жылы төмөнкү багыттарды камтууда: экономика, мамлекеттик башкаруу, социалдык долбоорлор, илимий-техникалык долбоорлор жана аны турмушта колдонуу.

Жарыштын алкагында пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган 120 эмгек, илимий жана аналитикалык сунуш, долбоорлор кабыл алынды. Алгачкы экспертизадан 74 эмгек өтүп, алардын катарынан комплекстүү экспертизанын (атайын эксперттердин) элегинен алдынкы сапка 12 иш, алардын авторлору, көмөктөш авторлору озуп чыгышты.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилет. Алар өлкөбүздүн интеллектуалдык ресурсунун негизги тиреги болуп калышат. Алардын ысымдары салтанатта гана билинет. Номинанттар – өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандар.

Жогорку окуу жайлардан, КРнын Улуттук илимдер академиясынан сунушталган жаш окумуштуулар, 28 мекемеден 75 номинанттын ысымы бул жылы китепке басылат.

“Акыл тирек” китеби Кыргызстандын жаңы тарыхый баракчасы болуп, ал жерде өзгөчө жана жаңычыл көз караштары менен идеялык чоң бурулуш жасаган инсандардын, жогоруда белгиленген катышуучу, жеңүүчү жана номинанттардын ысымдары түбөлүккө келечек муунга үлгү катары жазылып калмакчы.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: