super.kg logo
  Саясат  

"Малды паспорттоштурбасак Бажы союзуна киргенибиз менен биздин этти эч ким албайт" дейт депутат Узакбаев

 

Кыргызстандагы малдын башын идентификациядан өткөрмөйүнчө, Бажы союзуна кирген күндө дагы сырттан эт өнүмдөрүбүздү эч ким албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев бүгүн, 10-сентябрда “Парламент” радиосундагы маегинде билдирди. Идентификациядан өтпөгөн малды башка өлкөлөрдө бир районунан экинчи районуна өткөрбөй турганын айткан депутат буларды кошумчалады:

"Кыргызстандын эт өнүмдөрү сыртка экспорттолгону калды" деген айрым аткаминерлер чындыкка коошпогон маалыматтарды айтып, элдин башын айлантпашы керек. Айрым саясий жагдайлар чечилгени менен, практикалык жактарына келгенде ветеринардык, санитардык, фитосанитардык эрежелерди эч ким алып таштаган жок. Малдын башын идентификациялоо компаниясы өтө чоң иш-чара. Ага малдын ээлеринен баштап аткаруу бийлиги, бүт коомчулук – баарыбыз көмөк көрсөтүшүбүз керек”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: