Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын жайлоосунда облустар өз ара театрлаштырылган шоу көрсөтүп жарышышты (фоторепортаж)


















Бүгүн,
10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда маданий көргөзмөгө катар 7 облустун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын өкүлдөрү театрлаштырылган шоу
көрсөтүп, өз ара жарышышты. Бул жарыштарда жеңиш ээси болгон облустун командасы
үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү байге каралган. Алар боз үйдүн жасалгасына,
көрсөтүлгөн оюндардын маанисине жана жалпы катышкан адамдардын санына жараша
упайга ээ болушат. Ошондой эле көрүүчүлөр ар бир облустун боз үйлөрү жайгашкан
аймакка келип, биринде бешикке салуу, хан көтөрүү, ак кийизге көтөрүү салтына күбө болушса, биринде
чач өрүү, өрүлүктөө, боз үй тигүү, куда түшүү, кыз узатуу,
тушоо кесүү, келин алуу жана башка салттар менен таанышышты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
insap

11.09.2014. 06:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Керемет еле болот да Кыргыз турмушун түрдүү салт-санаалары бойунча кан майданда көрсөткөн, аттиң менин ошол жерде болбогонум...
Мэри

12.09.2014. 11:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз болуп жаралганыңа дагы бир ирет сыймыктанат экенсиң. Мен "Мир" телеканалынан анча-мынча көрүп калдым, башын көргөн жокмун. Сонун болуптур, кийимдер, оюндар, салттар, тим эле кадимки кыргыздардын бир кездеги жай турмушу, ошол заманга кайрылып баргандай таасир калтырат экен. Орусча беришти, абдан жакшы которулуптур, текст аябай жакшы экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.