super.kg logo
  Саясат  

Аксы районундагы 5 айыл өкмөттүн биринде да өрт өчүрүүчү унаа жок

 
Аксы районундагы 5 айыл өкмөттүн биринде да өрт өчүрүүчү унаа жок. Муну парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында депутат Кантемир Мурзабеков айтып чыгып, буга көңүл бурууну өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн өтүндү. Депутат акыркы окуялардын бирин мисал келтирди. "Жакында чөп жүктөп бара жаткан бир автоунаа күйүп кетиптир. Тургундар өрт өчүрүүчү унаанын жоктугунан тутанган отту өчүрүп калууга мүмкүн болбой калганын айтышты. Бул маселени чечип берсеңер жакшы болмок",- деди депутат. 
Мурзабеков Таш-Көмүр шаарындагы темир эритүүчү заводдун курулушун колдой турганын, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн айрым тактай турган маселелер бар экенин кошумчалады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: