super.kg logo
  Саясат  

Жарандар уюлдук оператор алмаштырганда телефон номурларын өзгөрүүсүз калтыра турган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

 

ЖКнын 11-сентябрдагы жалпы жыйынында “Телефон байланышы жана почта кызматы” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлуп, биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди. Демилгечи Өмүрбек Текебаевдин айтымында, учурда жарандар мобилдик кулчулукка айланып калышууда. Эл бир гана телефон номерине көнүп калып, аны өзгөрткүсү келбейт. Айрыкча ишкерлер кардарларын жоготуп жатышат. “Биз жарандарыбыздын жашоосун жеңилдеткен мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Номерлерди өзгөртпөй эле башка операторлорго өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп беришибиз кажет. Муну менен операторлор арасында атаандаштык күчөйт. Ишкерлердин ишин жеңилдетет. Кардарларды жоготпогонго мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деди Текебаев. 

Талкууда Транспорт жана байланыш тармагынын директору Чыңгыз Бекташев мобилдик операторлор 2016-жылдан баштап бирдиктүү номерге өтүүгө даяр экенин билдирди. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзамды биринчи окууда кабыл алып, добуш берүүгө жөнөтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: